ИИМдин тергөө кызматына Ош медициналык колледжинин студенттери кайрылып, мугалимдер тарабынан акча каражаты талап кылынып жаткандыгын билдиришкен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө коррупциялык схема аныкталган. Мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын окуу жайдын айрым кызматкерлери өз кызыкчылыктарына жумшоо максатында өз ара бөлүшүп алышмакчы болушкан.
24-апрелде окуу жайдын имаратынын жанынан колледждин мугалимдеринин бирин пара алуу учурунда кармалган. Ага жеке тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан мурда белгиленген 6000 сом акча каражаты табылган. Ал эми, мыйзамсыз акча каражатын алгандан кийин көчөдөн кармалган экинчи мугалимге да өздүк тинтүү учурунда сумкасынан 13 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Мындан тышкары, ортомчу болуп жүргөн студентке жеке кароо учурунда 5000 сом акча каражаты алынган.
Ошол эле күнү, жетекчи курамдагы кызматкер – директордун орун басары кармалып, ага карата жанына жеке тинтүү учурунда сумкасынан 2000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.
Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.