7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында 9 млрд сомдук долбоорлор талкууланды

319

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандардын үнүн угуп, көйгөйлөрдү жеринде талкуулоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында элдик жыйындар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, кезектеги жолугушуу Нарын облусунда өтүп, жергиликтүү тургундар өз сунуштары менен бөлүшүп, көйгөйлөрүн ачык айтып беришти.

«Бүгүнкү күндө бул аймакта жалпы көлөмү 9 млрд 455 млн сомду түзгөн ири долбоорлор ишке ашууда», — деген ал мындай көлөм — Нарын облусунун тарыхында буга чейин болбогонун белгиледи.

 

320