Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун 1967-жылы туулган С.Т. аттуу жараны узак убакыттан бери 2008-жылы туулган Т.Р. аттуу кызын мажбурлап зордуктап жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Аталган факт 21-сентябрь күнү Жумгал РИИБинин электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө С.Т 2010-жылы 1967-жылы туулган өзүнүн аялы Ш.Э.ни өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыккан.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү С.Т.суракка алынып, көрсөтмөгө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын көрсөткөн.
Ал эми, өспүрүм Т.Р. айтуусу боюнча 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.
Азыркы учурда шектүү Жумгал райондук сотунун токтому менен эки айга, тактап айтканда 21.11.2021-жылга чейин камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда тергөө иши уланууда.