10-октябрдан тарта Бишкекте №7 жана №8 троллейбустук каттамдар каттап баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, №7 троллейбус маршруту мурда түзүлгөн график боюнча Туңгуч кичи районунан Ак-Өргө конушуна чейин, №8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетинен Ак-Өргө конушуна чейин каттайт.
Эскерте кетсек, буга чейин оңдоо иштерине байланыштуу, эки троллейбустун каттамынын кыймылы убактылуу өзгөртүлгөн.