Бүгүн, Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан балбан кыздар Бишкекке келишти.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы коло медалге ээ болгон.
«Мен Дүйнө биринчилигине алтын медаль, кур алам деп баргам. Тилекке каршы спортто бирде жеңүү, бирде жеңилүү болот экен. Мен үчүн оор болгон беттеш Эстониядан келген балбан кыз менен күрөшүү болду. Утуп келе жатып акыркы 30 секундда утулуп калдым. Машыктыруучуларыма терең ыраазычылык билдирем, буюрса алдыдагы беттеште ийгилик жаратам деген үмүттөмүн», — дейт Айпери.
Эске салсак, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта жарым финалда эстониялык балбанга 3:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу балбан менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңип, коло медаль тагынган.