7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында » Бандит» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

277

КР УКМК тарабынан 13-14-август күндөрү уюшкан кылмыштуулукка каршы иш-аракеттердин алкагында Нарын облусунун аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана Нарын облусунун ИИБнын ыкчам каттоосунда турган адамдарга карата «Бандит» аталышындагы атайын иш-чара өткөрүлдү.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында, каттоодо турган Нарын облусунун 33 тургунунун ичинен 17 адам менен алдын алуу боюнча иш-чаралары өткөрүлдү.

Ошол эле учурда, мурда бир нече жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон Нарын районунун 2 тургуну жана жоюлган К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү криминалдык идеяларынан баш тартышты.

Аталган категориядагы калган 16 адам ичинен – 5 адам убактылуу кармоочу жайда, 11 адам катталган жеринде жашабагандыктан, тиешелүү иш-чаралар, анын ичинде ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

278