7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында бир үйдөн 4 жаран иске ууланып каза болду

196

Нарын облусунун Кочкор районундагы үйдөн бир аял менен үч кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.


«Алдын ала маалыматтар боюнча, эне-балдар иске ууланып көз жумушкан. Тиешелүү экспертиза дайындалып, азырынча так жыйынтыгы чыга элек. Ал эми аман калган баланын абалы канааттандырарлык деп бааланган», — деп айтылат маалыматта.


Маалым болгондой, окуя 16-декабрь күнү Теңдик айылында болгон. Анда турак үйдөн 38 жаштагы аял жана 11, 9, 7 жаштагы кыздардын сөөктөрү табылган. Окуя тууралуу милицияга каза болгон келиндин бир тууганы чалып кабарлаган.
Анын айтымында, эки күндөн бери ал карындашы менен байланыша албай, кийин үйүнө барган. Жерине милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, аял киши менен үч кыздын сөөгүн таап, алардын киши колдуу болбогонун аныктаган. Бир үй-бүлөдөн аялдын 10 жаштагы баласы аман калганы айтылды.
Көз жумган келиндин жакындарынын айтымында, маркум жолдошу менен ажырашып, төрт баласы менен жалгыз жашап келген. Төрт адамдын сөөгү 20-декабрь күнү Кара-Мойнок айылында жерге берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

197