7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында бир жаранды атып кеткен кылмышкерлер кармалды

293

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Нарын шаарынын Москва аймагында бир жаранды атып кеткен адамды табышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын тургуну 1996-жылы туулган М.Н кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «ИЖ-20» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар «Лексус GS 300» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин 6-февралда саат 20:40 чамасында милиция бөлүмүнө Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүнөн бир адамды атып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Каза болгон С.А. аттуу жаран 32 жашта болгон. Ал дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

294