Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыкта айдоочу унаасына кыпчылып калды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 330-чакырымында (Өрнөк айылында) Honda Odyssey менен Volkswagen Passat унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
«Жерине Нарын шаардык №16 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу 1973-жылы туулган А.К. аттуу эркек киши кыпчылып калган. Куткаруучулар унаанын ичинде кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришТИ», — деп берилет маалыматта.