Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 16-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол коюп, Жокоев Рустам Жумаканович директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин «Унаа» мекемесин Турусбек Түмөнбаев жетектеп келген. Ал кызматтан 13-сентябрда алынган.
Белгилүү болгон «Унаа» мамлекеттик мекемесинде унааларды каттоо жүрүп, ишти уюштуруу өтө төмөн, башамаландык орун алууда деген тургундар социалдык тармактарда нааразычылыктарын билдиришкен.
Массалык нааразычылык жетекчисинин алмашуусуна алып келди. Жаңы жетекчи Рустан Жокоевге ийгилик каалайбыз! Ал буга чейин ушул эле мекемеде директордун орун басарынын милдетин аткарып жаткан.