Бүгүн, 1-сентябрь Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылып, 14 жылга камалган Айбек Калиевге ырайым кылды. Бул тууралуу Калиевдин жактоочусу Эрнис Саданбеков кабарлады.
Маалыматка ылайык Калиев учурда абактан бошотулган.
Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы —Калиев Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында камакта болчу. Ал Жогорку сот тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14 жылга эркинен ажыратылган.