Кытай өкмөтү Кыргызстанга 100 млн долларга жакын каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу 16-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И блдирди. Бул акча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнө колдоо көрсөтүү максатында берилери айтылды.
Маалыматка ылайык, Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдирген.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.
Мындан сырткары тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулап, эки өлкөнүн компоненттүү органдарынын бул багыттаа өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.