КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына улуттук маданий мурастарыбызды жайылтып, калың элдин катмарына жеткирүү максатында 17-сентябрь күнү Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде «Маданият Мунарасы» долбоорунун алкагында «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучу топ билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга манасчы, төкмө акын, дастанчылар, искусство чеберлери жана эстрада жылдыздары катышып, кол өнөрчүлөр көргөзмөсү, чыгыш базар жарманкеси, күрүчтөн палоо жасоо сынагы, илимий-практикалык конференция, төкмө акындар айтышы, «Өзөгүмдө Өзгөнүм” театралдаштырылган пролог жана чоң программадагы гала-концерт менен коштолот.
Фестивалын расмий коноктору катары өлкөнүн жогорку жетекчилиги, эл өкүлдөрү, Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин Башкы катчысы Амреев Багдад Култаевич, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Мамаюсупов Алтынбек Насиридинович, Кластердик бюронун директору жана ЮНЕСКОнун Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы өкүлү Криста Пиккат, Түркия Республикасынан депутаттары Сабри Өзтүрк жана Режеп Шекер, Евразия жазуучулар союзунун Президенти Якуп Омероглу, Түркиянын дин иштери боюнча Башчысы Али Эрбаш, Имам Сарахсинин адам баалуулуктары жана ислам укуктары боюнча жазылган “Аль-Мабсут” деген эң баалуу 31 томдук чыгармасын түрк тилине которгон профессор Мустафа Жеват Акшит, «Имам Сарахси» Эл аралык ислам маданияты жана мурасы фондунун президенти Мехмед Акшит жана башка коноктор катышат.
10:00 –Күндүзгү көргөзмөлөр бөлүгүнүн ачылышы
10:30 –Илимий-практикалык конференциянын башталышы
12:00 –Ислам илим дүйнөсүнүн чоң аалымдарынын бириИмам Сарахсинин күмбөзүнө зыяратжана комплекстин ачылышы
14:00-16:00 – Төкмө акындардын айтышы
20:30 – “ӨзөгүмдөӨзгөнүм” театралдаштырылган прологдун башталышы
21:40 – “Өзгөн-Мунара-2021” этно-фольклордук фестивалына арналган чоң программадагы гала-концерт