7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу. Ош шаарынын мэри ишкерлер менен жолукту

552
Кечээ, 16-сентябрдаОш шаарынын мэри Алмаз Мамбетов  Ош шаарындагы курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугуп, жергиликтүү бюджетке салыктарды ачык төлөө аракетин көрүүгө чакырды.
Жолугушууда мэр шаардын өнүгүүсүндө шаардык инфраструктураны жакшыртуунун, өзгөчө шаардык архитектураны түзүү аркылуу туристтерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын жетекчилери объектилерди курууда кыйынчылыктарды жаратуучу көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү, анын ичинде Сулайман-Тоо буфердик зонасы, суу коргоо зонасы, электр линияларына жакындык. Мындан тышкары, көп кабаттуу жаңы үйлөрдү жылуулук тармактарына кошуу үчүн кубаттуулукту жогорулатуу маселеси айтылды.
Жуманын башында Мамлекеттик курулуш комитетинин Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы республика боюнча уруксатсыз курулган 59 көп кабаттуу үй аныкталганын кабарлаган. Анын ичинде 37 көп кабаттуу үй Бишкек шаарында, 18 үй Ош шаарында, 4 үй Чүй облусунда экендигин айтылган.
Мыйзамга ылайык, шаар куруу жана архитектуралык документтерсиз курулушту жүргүзүү мүмкүн эмес. Бирок, курулуп калган үйдү кайра талкалоо буга чейин болгон эмес, мындан кийин деле курулушу бүткөн соң талкалоо акылга сыйбас.
Андыктан, мэр Алмаз Мамбетов бул жыйында эки таратуу кеңешип, муктаждык болсо эскирген талаптарды кайра карап чыгууга даяр экендигин билдирди. Алсак, газ, жылуулук, канализация тутумдары Ош шаарында союз мезгилинде 500 адамга ыңгайлашкан.
Учурда Ош шаарында расмий 1 млнго жакын, бей расмий 1,5 млн калк жашайт. Жаңы курулган үйлөргө жылуулук киргизүү үчүн жаңы Жылуулук  чордонун коюу талабы бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

553