7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Центерра» менен «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилери 200 млн $ жеп, издөөдө жүргөн

466

Канадалык «Центерра» компаниясынын мурдагы жетекчилиги менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын жогорку жетекчилиги Кумтөр иши боюнча издөөдө жүргөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана «Кумтөр»  кенинин оператору «Кумтор Голд Компания» ЖАКтын тиешеси бар экендиги тууралуу жана чет өлкөлүк жарандардын ичинен, 2013 -жылдын декабрында 200 миллион АКШ долларын уурдоо ошондой эле аларды чет элдик компаниянын эсебине алуу боюнча далилдерди алган.

2013-жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо маселеси боюнча өлкөнүн өкмөтүнүн активдүү ишинин жана Центерранын шарттарын кабыл алуу мүмкүн эместиги боюнча парламенттин категориялык позициясынын фонунда, бул компаниянын жетекчилиги «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын жогорку жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алып, жасалма карыздык милдеттенмелер жана кийин дивиденддер катары эсептен чыгаруу боюнча компаниядан 200 миллион долларды чыгарган.

Бул факты боюнча тергөө тарабынан «Центерранын» мурдагы президенти Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Макл Фишер, «Кумтөр Оперейтинг Компания» ЖАК финансы боюнча вице-президенти Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып, издөө жарыяланган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда, жыйынтыгы боюнча регалиясына жана татыктуулугуна карабастан Кумтөр долбоорунда өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттерге катышкан бардык адамдарга укуктук баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467