7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында медайым антисептик сайып алган келин бир нече күндөн кийин ооруканадан чыгат

2821

Нарында медайым антисептик сайып алган келин бир нече күндөн кийин ооруканадан чыгат. Бул тууралуу 7-каналга келиндин жолдошу билдирди.

Анын айтымында, келинди дүйшөмбү күндөрү ооруканадан чыгарышы мүмкүн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Буга чейин Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге шприцтерди алмаштырып, антисептик сайып алганы маалым болгон. Жолдошу 7-каналга келин төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде барганын, кесарево операциясы пландаштырылганын, 23-мартта медайым цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайганын айткан. Келинге кесарево операциясы жасалып, 3кг 500гр салмактагы дени сак кыз төрөлгөн. Кийинчерээк анын абалы жакшырганы, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганы маалым болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2822