Нарын шаарында медайым кош бойлуу келинге шприцтерди аралаштырып, хлоргексидин (антисептик) сайып салган. Бул тууралуу 7-каналга анын жолдошу билдирди.
Маалыматка караганда, аялы төрөт үйүнө 39 жумалык кош бойлуу кезинде келген.
«Анын айтымында, аялына кесарево операциясы пландаштырылган. 23-мартта медайым шприцтерди аралаштырып, цефазолиндин ордуна хлоргексидин сайган. Пациент дароо колу кычышып жатканын айтып, хлоргексилин бир аз денесине кирип кеткен. Саат 12:30да кесарево операциясы жасалып, 3кг 500гр салмактагы дени сак кыз төрөлгөн»-деп тастыктады жолдошу.
Учурда эне дарыланып жатат, абалы туруктуу, жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда. Денесине наркоз берилгендиктен наркотикалык заттан улам уктап жатат.