7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында опузалап талап кылуу, тоноо менен алектенген жаран кармалды

451

Нарын шаарында опузалап талап кылуу, тоноо менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрь күнү Нарын шаарынын тургуну М.К. милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал 2006-жылы туулган М.Н. аттуу инисин “С” деген жигит коркутуп, уруп сабап, денесине жаракат келтирип, 35 000 (отуз беш) миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Нарын шаарынын 2003-жылы туулган жашоочусу И.Б. милицияга кайрылып, 11-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында “С” аттуу бала ага таандык “Айфон XS” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуп, опузалап тартып алганын билдирип, шектүүгө карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Нарын шаарынын 1977-жылы туулган тургуну М.Г. дагы милицияга арыз менен кайрылып, анын 2006-жылы туулган М.Н. аттуу уулунун баасы 3000 сомдук өңү күрөң түстөгү барсеткасын “С” деген бала 2022-жылдын 31-август күнү эч себепсиз уруп сабап, тартып алгандыгын билдирген.

Аталган фактылар Нарын ШИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүмү (Тоноо) менен кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Нарын шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.С. кармалган. Шектүүнү тинтүү учурунда жогорудагы 12000 миң сом акча каражаты, ал көтөрүп жүргөн өңү күрөң түстөгү барсеткасынан бир даана “Айфон XS” үлгүсүндөгү өңү ак түстөгү уюлдук телефон жана сабы кара түстөгү бир даана бычак табылып алынган.

Бүгүнкү күндө арыз ээлери шектүү М.С. уруп сабап коркуткандыгын билдиришкендиктен, аларга карата соттук-медициналык, мындан тышкары М.С. жанынан чыккан бычакка соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалган.

Шектүү Нарын шаардык сотунун токтому менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452