Эртең, 24-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
- Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
- Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
- Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26;
- Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градуска чейин жогору болот.
- Бишкекте түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° чейин жогорулайт.