7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тамдык» чек ара заставасынан Тажикстандын жарандары чыгарылган

585

УКМКнын чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуу учурунда тажик тарап Баткен чек ара отрядынын “Тамдык” чек ара заставасын артиллериялык куралдардан аткылап, үстөмдүк кылуучу күчтөр (саны жагынан көптүк кылып) менен заставага кол салгандыгын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүн кыйып, заставанын өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берип, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген.

Массалык аткылоонун натыйжасына “Тамдык” чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган.

УКМКнын Чек ара кызматына Тажикстандын жарандарынын “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.

«Учурда чек ара заставанын аймагы Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын көзөмөлүндө болуп, алар мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды такай көзөмөлдөп турушат»,-деп берилет маалыматта.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586