7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарында жаңы техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 млн 365 миң зыян келтирилгени аныкталды

16

Нарында жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы апрелде Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Натыйжада, «В.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 863 000 сомго келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн атайын жабдуулар «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Эксперттик баалоо боюнча, тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлгөн, унаа 2019-жылдан берки тетиктер жана компоненттер менен жабдылган жана салону кайра сырдалган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аныкталган зыяндын орду толтурулуп, тендердин квалификациялык талаптарына жооп берген 5 миллион 363 миң сомдук 2025-жылы чыгарылган жаңы “DONGFENG” таштанды ташуучу унаасы алынып келинди.

17