7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындагы мектептерге жана бала бакчаларга видеокамералар орнотулду

218

Нарын облусунда мектептердин жана балдар бакчаларынын аймагында көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералар орнотулуп ишке киргизилди. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облуста 140 мектеп жана 145 бала бакча бар. Мектептер интернет байланышы менен толук камсыз болуп, бардыгы 1 миң 610 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле, 145 бала бакчанын 112 бала бакчасына 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Калган бала бакчаларда дагы видеокөзөмөл жүргүзүү уланууда.

Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар мындан ары дагы уланып, контролдоо системалары, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу пландалууда.

219