7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындагы менчиктешип кеткен “Галерея” мамлекетке кайтарылды

299

Нарындагы менчиктешип кеткен “Галерея” имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 2000-жылы Нарын шаардык китепканасынын 1350 м2 жер тилкеси бар имараты С.А.М. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени, кийин ал жерге көркөм сүрөт галереясынын имараты курулганын УКМК аныктаган болчу.

Мындан улам, тиешелүү иш-чаралардан кийин, С.А.М. аттуу жаран аталган объектини өз ыктыяры менен «Какен Мамбеталиев» атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейинин балансына өткөрүп берди.

300