7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындан Кытайга жаңы авиатрасса ачылат

328

Кыргызстан менен Кытай Нарын облусунун түштүк тарабы аркылуу өтө турган жаңы авиатрасса ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Ага ылайык күз айларында ушул жаңы авиа трассасы аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга түз каттамдар ачылып, Кытайдын Кашкар, Үрүмчү сыяктуу ири шаарлары менен тыгыз байланыш түзүлөт. Бул жүргүнчү каттамдарына да, жүк ташууга да мүмкүнчүлүк түзүп, чыгымдарды азайтып, учуу убактысын кыскартат.

Бул кадам өлкөнүн транзиттик потенциалын арттырып, аймактагы авиациялык кызматтарды жакындатат. Кыргызстан үчүн бул – жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жана аймактык кызматташууну чыңдаган стратегиялык долбоор болуп калат.

329