7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындан Кытайга жылына 100 миң тоннадан көмүр экспорттолот

572

Нарындан Кытайга жылына 100 миң тоннадан көмүр экспорттолот. Бул боюнча президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Ага ылайык, кечээ аймакта инвестициялык форум өтүп, анын катышуучулары Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Эмгекчил айылындагы «Кур-Терек» участкасына курула турган көмүр базасынын долбоору тааныштырылды.

«Бул жерде «Теңир-Тоо Инвест Ко» ЖЧКсы тарабынан 9,5 гектар жер аянтына чет элдик инвесторлор менен биргеликте көмүр базасы курулуп, Миң-Куштан тартылып келинген көмүр Кытай мамлекетине экспорттолот», — деп айтылат расмий маалыматта.

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Болоткан Баяке уулу билдиргендей, келишим 5 жылга түзүлгөн. Курулуш жеңил конструкция менен курулуп, жылына 100 миң тонна көмүрдү экспорттоо пландалууда. «Ошол эле учурда келишимде 500 тоннага чейин жергиликтүү калкты көмүр менен өз баасында жана аз камсыз 50 үй-бүлөнү көмүр менен акысыз камсыздоо каралган», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573