28-июнда Нарын шаарынын кире беришиндеги “As A Nomad” этнокомплексинде “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалы өтүп, бир шырдак 400 миң сомго сатылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аталган эл аралык фестивалга Япония, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келди. Иш чарага 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду.
Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды.
Мындан сырткары көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты.