Нарында өткөрүлгөн «Кыргыз шырдагы» фестивалынын алкагында туристтер үчүн Салкын-Төр эс алуу аймагына промо-тур уюштурулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Туристтер атайын даярдалган аттар менен Салкын-Төр аймагынын төрүнө чейин барып, жаратылыш коюнунда эс алышты. Конокторго «Бай-Төр» ресторанынын ашпозчулары «таш кордо» улуттук тамагынын даярдалышын мастер-класс кылып көрсөтүп беришти. Даярдалып, аукционго коюлган «таш кордону» 300 долларга Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года мырза сатып алды.
Фестивалга жалпы 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду. Ошондой эле фестивалдагы көз жоосун алган кооз шырдакты Казакстандан келген меймандар 400 миң сомго сатып алышты.
«Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалынын негизги максаты салттуу кол өнөрчүлүктү даңазалоо менен бирге туризм тармагын өнүктүрүү.