7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарынга жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди

578

11-мартта Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө жаңы өрт өчүрүү техникалар тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тагыраагы, жакында эле Россиядан Кыргызстанга келген “КамАЗ” үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү атайын унааларынан Нарын облусуна 7 техника бөлүнүп, райондук өрт өчүрүү бөлүмчөлөрүнө таратылды.
Алсак, Жумгал районуна 2, Кочкор районуна 1, Ат-Башы районуна 2, Ак-Талаа районуна 2 унаа бөлүндү. Облустун өрт өчүрүүчү бөлумдөрү 95 пайыз жаңы унаалар менен камсыздалды.

Мындан тышкары министрликтен берилген 2 JAC, 1 КамАЗ, 1 УАЗ унаалары ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгына салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Адистештирилген техникаларды тапшыруу аземине Нарын облустук Жарандык коргонуу башчысы Алтынбек Эргешов баштаган тиешелүү жетекчилер катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579