11-марттан 14-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Бишкек-Ош унаа жолунун:
121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
198-260 чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14 чак. (Өтмөк ашуусу);
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун: 70-107 чак.;
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун: 68- 113 чак. (Чапчыма ашуусу);
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун: 0-3 чак.;
- Бишкек-Нарын-Торугарт: 292-305 чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чак. (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чак. (Кара-Гөө ашуусу);
- Арал-Миң-Куш унаа жолунун: 1-14 чак.;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун: 45-50 74-86 чак. (Чон-Ашуу ашуусу);
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун: 52-68 чак. (Сөөк ашуусу);
Урматтуу жарандар! Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.