Мектеп окуучуларына окуу үчүн сунушталган 100 чыгарманын тизмеси коомдук талкууга коюлат.
Учурда мектеп окуучуларынын окурмандык маданиятын калыптандыруу маселеси өтө маанилүү, андыктан алардын дүйнөлүк адабият менен улуттук адабияттын мыкты үлгүлөрүн бирге үйрөнүүсүн колго алуу керек. Ошондой максатты көздөп, ар бир окуучу окуп-биле жүрүүсү үчүн “100 китеп” долбоору сунушталат.
Сунуштарды Билим берүү жана илим министрлигинин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторуна бир айдын ичинде s.toyaliev@yandex.ru электрондук дарегине жөнөтсө болот.
Кыргыз тилинде окуткан мектептердин окуучулары үчүн
Фольклордон:
1. “Манас”
2. “Семетей”
3. “Сейтек”
4. “Кожожаш”,
5. Эр Төштүк”
6. “Эр Табылды”
7. “Курманбек”,
8. “Жаныш-Байыш”
9. “Жаңыл Мырза,
10. “Тайлак баатыр”
11. Кыргыз элинин макал-лакаптары, табышмактары жана жаңылмачтары.
12. Кыргыз эл жомоктору жана уламыштары.