7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Назгүл Турдубекова зомбулукка кабылган балдар боюнча президентке кайрылуу жасады

877

Жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка – зордуктоого апасы жок жашагандыктан кабылса, экинчи учурда мигрант – бала ата-энелери тирүү туруп, интернаттарда кыйноого кабылган. Бул тууралуу Назгүл Турдубекова билдирди.

«Урматтуу Садыр Нуркожевич!

Балдар – мамлекеттин жана коомдун келечеги, ага кам көрүү өлкөнүн жана ата-эненин түздөн-түз милдети жана парзы экендиги талашсыз!
Тилекке каршы, балдарды коргоо, аларга таалим-тарбия берүү системасынын жоктугунан, балдарга карата сексуалдык жана башка зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары күн санап өсүп жаткандыгына коомубуз күбө болууда. Бул өтө өкүнүчтүү жагдай!

Сиздин көңүлүңүздү ата-энелердин күнөөсүнөн жана балдарды коргой албаган системанын кесепетинен улам интернаттарда зордук көрүп жаткан балдардын оор тагдырына бургум келет. Балдардын жылдап чоңдордон зомбулук көрүп жатканына мисал боло турган эки учурду айткым келет. Анда балдардын укугун коргоочу мамлекеттик органдар эч кандай аракет, чара көргөн эмес.

Биринчисинде жашы жете элек кыз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка – зордуктоого апасы жок жашагандыктан кабылса, экинчи учурда мигрант – бала ата-энелери тирүү туруп, интернаттарда кыйноого кабылган.

Кордолгон кызды интернатка бөлүп, аны туугандарына же фостердик үй-бүлөгө берген эмес. Эми интернатта ал кызды каржылоого мамлекеттик бюджеттен 250 000 сом бир жылда жумшалат. Бул цифра үй-бүлөнү жана баланы коргоого багытталган эмес.

Эгерде биз сунуштагандай ар бир айыл өкмөттө жана мэрияда Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо кызмат түзүлсө, жогорудагыдай балдарга карата кылмыштардын алдын алса болмок. Тилекке каршы бул демилге узак убактан бери колдоо таппай, бюрократия бардык жакшы иштерге тоскоолдук жаратып келет. Бул үчүн өлкөдө болгону балдарды коргоо боюнча 700 социалдык кызматкер керек эле. Балдарды коргоо боюнча Жаңы Кодексте мындай демилге сунушталып, тилекке каршы Каржы министрлиги мындай жол менен балдарды коргоо кымбатка түшөт деп эсептешкен.

Баардык цивилизациялуу мамлекеттер балдарды үй-бүлөдө же үй шартында тарбиялоо керектигине ынанышууда, анткени интернат системасы балдардын толук кандуу өсүшүнө, калыптануусуна сокку урары аныкталган.

Кыргыздардын этнос катары сакталуусуна эзелтеден элибиздин жетимди жерге таштабай, үй-бүлө шартына жакын абалда чогуу жашашы менен сакталып келген. Бир дагы баланы башка элге, тукумга таштаган эмес.

Сиздин жаш кыргызстандыктарга чын жүрөгүңүз менен бооруңуз ооруп, мамиле жасарыңызга ишенип, аларды коргоо боюнча токтоосуз чара көрөсүз деп терең ишенем. Ар бир бала жакындары менен үй-бүлөнүн мээриминде тарбия алса гана, коомго пайдалуу инсандарды тарбиялап-өстүрүп чыгабыз.

Сиздин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгыныз өлкөбүздүн ички саясатындагы эң орчундуу, көйгөйлүү маселелердин бири – инсанды тарбиялоо багытында кабыл алынган деп эсептейбиз.

Анткени,коомубузда балдар корголбой калды.Сиз жарлыктын алкагында биздин балдарды коргоого багытталган демилгебизди түшүнүү менен кабыл алып, колдойсуз деп ишенебиз!
Урматоо менен, Балдардан укугун коргоочулардын Лигасы коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

878