«Жан дүйнөмдө кайнаган таарыныч, ызаа, түшүнбөстүк, кайсы бир учурда пенделикке таянып жазып алган ачуу сөзүм үчүн сезген күнөөлүү сезимдин баары кайтты», — дейт блогер Назира Айтбекова өзүнүн Facebook баракчасында. Ал мындай пикирин ырчы Гүлнур Асанова менен жолуккандан кийин жазган.
«Кечке сүйлөштүк. Эки аалам бири бирине ааламын тааныштырып, саякатка чыккыча көп убакыт кетти. Ал мага чындыгын сүрөттөп берди, мен ага. Экөөбүздүн тең көз караштын акыйкаттыгы канчалык деңгээлде акыйкат экенин аныктай турчу Жараткан эмеспи. Менин чындыгымды сиңдим сыйлап, кабыл алса, мен анын чындыгын сыйлап, кабыл алдым. Кызыл чеке сүзүшүүнүн не кажети бар ? Эгерде экөөбүз бири бирибизди болгондой , аңгыл — дөңгүлү, бышканы — чийкиси, жылаңачы — кийими , жаңылыштыгы — туурасы менен кабыл алсак! Карабызбы, акпызбы, Жараткан баарыбызды бирдей сүйүп, бирде кабыл алып жаткан соң, биздин бири бирибизди айыптаганыбыз болбогон кеп! Кимибиз ыймандуу , кимибиз азыраак ыймандуу аны да Жараткан өз ташына салган соң, бири бирибизге баа берип, басынтканга да акыбыз жок экенин түшүндүк. Жан дүйнөмдө кайнаган таарыныч, ызаа, түшүнбөстүк, кайсы бир учурда пенделикке таянып жазып алган ачуу сөзүм үчүн сезген күнөөлүү сезимдин баары кайтты. Кечирим берүү, кечирим суроо эң сонун сапат! Биз ушул сапатты бүгүн колдондук, ырахатын көрдүк. Акылдуулук кылып, көрүшүп, түшүнүшүп алганыбыз — чоңойгондуктук, аң сезимдиктин белгиси! Сиңдиме ыраазычылык! 🙏 Ар бирибиз ар түрдүүбүз! Бири бирибзди кандай болсок кабыл алуу сонун! Бул окуя мага ушуну үйрөттү! Баарыңарды жакшы көрөм! Ынтымакта бололу! Таанымал адам катары элди экиге бөлүп, ырк кетиргенге акыбыз жок. Биз ынтымакка гана чакыруубуз абзел!», — дейт ал.