7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров УКМКнын Жалал-Абаддагы жаңы имаратынын ачылышына катышты

660

Бүгүн, президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы УКМК ардагерлеринин жана кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн эң ири облустарынын бири болгон Жалал-Абадда улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган орган кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу үчүн ыӊгайлуу шарттардын түзүлүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш экенин белгиледи.

«Дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп, илим менен техниканын барган сайын өнүгүп жаткан маалында коопсуздукка коркунуч келтире турган улам жаңы чакырыктар байма-бай чыгып жатканы белгилүү», — деп белгиледи. Терроризм, экстремизм, этносторду бири-бирине кайраштыруу, адам сатуу, курал сатуу, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү сындуу коопсуздукка олуттуу сокку ура турган көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу иш-чаралары талаптагыдай жүргүзүлүп, талаптагыдай аткарылышы керек экенин белгиледи Президент.

«Биз өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна кылдай зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайларды дагы көз жаздымда калтырбашыбыз зарыл», — деп билдирген Жапаров, УКМК кызматкерлеринин ийгиликтүү иштеши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Жапаров коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так жана ырааттуулук менен аткарып, чалгын иштерин жана чалгынга каршы аракеттерди көрүп, паракорчулук, аткезчилик, терроризм, диний экстремизм, нарко-бизнес жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратып жатканын белгиледи. «Ага жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилген бир катар резонанстык иш-чаралардын жыйынтыктары далил. Жыйынтык бар, демек иш бар», — деп белгиледи.

Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлеринде Кыргызстандын элинин тынчтыгы, бейпилдиги үчүн күрөшкөн Манас бабабыздын, Барсбек кагандын, андан берки Курманбек баатыр, Эр Солтоной, Эр Табылды аталарыбыздын жана башкалардын духу жана руху бар экенине ишенимин билдирди.  «Мындай мекенчил уул-кыздарыбыз турганда Кыргызстаныбыздын келечеги ишенимдүү колдо деп айтууга толук негиз бар», — деген ал, мамлекетибиздин, элибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугун кынтыксыз камсыз кылган кызматкерлер ар тараптан колдоого алынып, аларга тиешелүү шарттар менен кошо социалдык кепилдиктер берилиши зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Президент иштин көлөмүнө, аткарган кызматынын оордугуна жараша шарт түзбөй туруп, кызматкерлерден кандайдыр бир натыйжаларды, ийгиликтерди талап кылуу адатынан качуу керектигине токтолду.

Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Жапаров УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, Башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.

«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деп түшүндүрдү.

Мындан сырткары, генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясынын административдик окуу корпусун, жатаканасын жана спорт комплексин, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылууда.

Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын белгилеп, өткөн айда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын эске салды.

«Концепция өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга багытталган көптөгөн практикалык иш-чараларды өзүнө камтыйт. Биз өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишибизге колдонууга киргизишибиз керек», — деген Мамлекет башчысы, мындай максаттар УКМК тарабынан тез жана натыйжалуу ишке ашырыларына ишенимин билдирди.

Сөзүнүн соңунда, Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргоо боюнча ишинде ийгиликтерди каалады.

Андан соң Мамлекет башчысы Башкармалыктын эки кабаттуу имаратын, иш орундарын, медициналык пунктун карап чыкты.

Белгилей кетсек, УКМКнын имараттары режимдик мүнөздөгү маанилүү объектилер болуп саналат. Бирок УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы административдик имараты 1934-жылы курулуп, талаптарга жооп бербей жана аны коопсуз колдонууда көйгөйлөр болуп келген.

Мурдагы административдик имаратта өрткө каршы жабдуулар жок жана өзгөчө кырдаалдар учурунда өздүк курамды эвакуациялоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Буга байланыштуу бардык талаптарга жооп берген жаңы административдик имаратты куруу зарылчылыгы келип чыккан.

Азыр жаңыдан курулган административдик имарат керектүү заманбап жабдуулар, кызматкерлер үчүн эмеректер менен толук жабдылган, эмгек шарттары талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

Учурда облустук атайын кызматтардын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана чыңдоо иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

661