7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Назира Айтбекова туулган күнүн ооруканадан өткөрдү

2013

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова туулган күнүн ооруканадан өткөрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Палатадагы туулган күн! Конокторум уулум менен апам! 36 жашым, кут кел! “Ушул туулган күнүмдү башкача өткөрбөсөмбү?!” деп сайрагам. Кудай берди окшойт тилекти!

Эмнеси болсо да жеңилинен берди! Кудайга шүгүр! Жоопкерчиликтен, үстүмө көтөргөн жүктөн думчугуп кеттим окшойт. “Бир аз эс ал! Өзүңдү ойло!” деди окшойт ден соолук.

36 жаш — керемет, бышып турган , гүлдөп турган кез да! Жашашым керек! Жыргашым керек! Жаштыгымды өткөргүм келип атат!

36 жыл мени көп нерсеге көзүмдү ачты, тарбиялады, бышырды, жетилтти, өстүрдү! Ыраазымын абдан!

Ата — энеме таң атпай ыраазычылык кат жаздым! Ырас эле мени төрөшүптүр, ырас эле эң мыкты сапаттарын мага беришиптир! Ырас эле мени өстүрүп, билим беришиптир!

Жаратканга шүгүр! Миң мертебе шүгүр! Бактылуумун! Ыраазымын!», — деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2014