7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Негизги ооруканалар Бишкектин четине көчүрүлөт

324

Негизги  ооруканаларды Бишкектин четине көчүрүү долбоору президенттин көзөмөлүндө экенин саламаттык сактоо министри билдирди. Ал бул идеяны мындан 2-3 жыл мурун Садыр Жапаров өзү көтөргөнүн, аны аткарууга эми убакыт келип, Көк-Жар районунан чоң участок бөлүнгөнүн белгиледи.

“Жаңы участок тарапка алты тилкелүү жол салынып жатат. Ошондой жолдордо гана “Тез жардам” кызматы үчүн өзүнчө тилке бөлсө болот. Дарыгерлер арасында медициналык шаарча куруу боюнча сөздөр 10 жыл мурун эле айтылып келген, бирок саясий эрк жетпей жүргөн”, — деди Эркин Чечейбаев.

325