7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ниязбек Айбашовго “Түрксой” эл аралык уюмунун сыйлыгы тапшырылды

638

Меценат, “Алтын комуз” байгесинин негиздөөчүсү, “АНТ Профи” ЖЧК ишканасынын директору, эл аралык бизнес кошунун мүчөсү Ниязбек Айбашовго “Түрксой” эл аралык уюмунун жогорку даражадагы сыйлыгы ыйгарылды.

Сыйлык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тарабынан тапшырылып, ага бекем ден- соолук жана иштерине ийгиликтер айтылды.

Анда “Түрксой” эл аралык уюму Ниязбек Айбашевдин маданият жаатына кошуп жаткан салымын жана өнөр адамдарына шык берип, аларды колдоого алып жатышы өзгөчө алкоого арзый турганын белгилеген.

Ниязбек Айбашев Кыргыз Республикасынын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында 2014- жылдан бери “Алтын комуз” байгесин негиздеп, “Ак тандай” коомдук фондунун жетекчиси Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти” Абдибали Бурканович Акимбековдун бирге иштеп келет.

Мындай аракеттер аркылуу 2015- жылы биринчи жолу Ош шаарында 50 жакын акындын катышуусунда ак тандайлардын айтышын уюштуруп, алгачкы жолу баш байгеге “Алтын комуз” байгеси коюлган. Жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматтула Козукеев ээ болсо, экинчи “Алтын комузду” 2021- жылы Ош шаарындагы Улуттук тарых музейине, ошондой эле, ак таңдайлардын айтышында Баян Акматов тапшырылган.

Ал эми, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаковдун демилгеси менен, август айында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине тапшырылса, андан соң, “Алтын комуз” байгесин Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында өткөн ак тандайлардын айтышында төкмө акын Жылдызбек Торокановго тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

639