7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңишбек Жумакадыр: «Көргө барып топого көмүлгөнчө, Көңүлдөргө көмүлүп өлсөм экен…»

896

Бул ирет төкмө акын Жеңишбек Жумакадырдын ырларын сунуштайбыз.

Жеңишбек Жумакадыр 1977-жылы 9-майда Нарын облусунун Нарын районундагы Эмгекчил айылында туулган. Эмгек жолун 1992-жылы (15 жашында) Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрында алып баруучу, сатирик болуп баштаган. 1997-жылы Моквадагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

Баратабыз баарыбыз баратабыз,

Барган кезде болчудай аласабыз.

Күндө эсеп кылсак ээ өзүбүзгө,

Күнөөлөрдөн азайып таразабыз.

************************************

Биринде көңүл таштай,

Биринде көңүл жаздай.

Кечигип сүйүнүчтөр,

Кетүүдө өмүр актай.

Кербендер өткөн жерден.

Керемет көктөм жерден.

Келатам көңүл таппай.

************************************

Көрүнө элек бакыттар көркөм экен,

Көрсөм деген бакытты көрсөм экен.

Көргө барып топого көмүлгөнчө,

Көңүлдөргө көмүлүп өлсөм экен.

************************************

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

897