Химия боюнча 2025-жылкы Нобель сыйлыгынын лауреаты, иордания-америкалык окумуштуу Омар Яги абадан ичүүчү суу өндүрө алган уникалдуу технология иштеп чыкты. Бул тууралуу Kazinform басылмасы маалымдады.
Технология кургакчыл аймактар жана табигый кырсыктардан жабыркаган өлкөлөр үчүн чоң жардам болушу мүмкүн.
Иштеп чыгуунун негизинде ретикулалык химия ыкмасы жатат. Ал нымдуулукту чөл шартында да кармай алган атайын көңдөйлүү материалдарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул материалдар металл органикалык каркастар (MOF) деп аталат. Ичи кең молекулалык түзүлүштөр болуп, газдарды жана башка заттарды өткөрө алат.
Стандарттуу деңиз контейнеринин көлөмүндөгү түзүлүш төмөнкү деңгээлдеги жылуулук менен иштейт. Ал электр тармагына же борбордук суу түтүгүнө туташтырууну талап кылбайт жана суткасына 1000 литрге чейин таза суу өндүрө алат.
Бул технология өзгөчө кариб аймагындагы Карриаку жана Пти-Мартиник аралдары үчүн актуалдуу болууда. 2024-жылдагы катуу “Берил” бороонунан кийин аралдарда суу инфраструктурасы толук калыбына келе элек.
БУУнун маалыматына ылайык, дүйнө калкынын дээрлик төрттөн үчү суу тартыштыгы бар өлкөлөрдө жашайт жана 2,2 миллиард адам ичүүчү сууга жетпейт.
Белгилей кетсек, Омар Яги Нобель сыйлыгын австралиялык окумуштуу Ричард Робсон (Мельбурн университети) жана япониялык химик Сусуму Китагава (Киото университети) менен бирге алган. Алар чоң көңдөйлүү молекулалык түзүлүштөрдү — металл органикалык каркастарды түзүп чыкканы үчүн сыйлыкка татыган. Бул материалдар абадан суу алуу, көмүр кычкыл газын кармоо жана ар түрдүү химиялык процесстерде колдонулушу мүмкүн.



