7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта 17 жаштагы өспүрүм асынып алган

490

8-март күнү милицияга Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын 2007-жылы туулган тургуну каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар күбөлөр суралып, каза болгон жаран өзү жашаган үйдүн мал сарайында асынып алганын атасы көрүп калган. Тез жардам кызматына алып барганда, дарыгерлер анын каза болуп калганын билдирген.

Маркумдун жакын туугандары жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирген.

 

491