7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы берилди

442

Ноокат районунда 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Маалыматта райондогу жалпы имамдар кайрымдуулук иштерин уюштурууну баштаганы белгиленет. Алгачкылардан болуп «Жоме» жана «Молдо Якуб» мечитинин имамдарынын демилгеси менен 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды.

Жардам баштыкчасында тамак жасоо үчүн керектелүүчү азыктардын баары камтылып, бир баштыкча 5500 сомду түздү. Жалпы суммасы 1 миң 650 миң сом болуп, «Хадия Ноокат» фонду тарабынан элден чогултулган.

Ноокат райондук хатибияты жалпы имамдарга кайрымдуулук иштерин уюштуруу боюнча тапшырма берилгендигин айтып, мындай сооптуу иштер тез-тез өткөрүлүп турарын билдирди.

443