7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды

489

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору болду. Жолугушуунун жыйынтыгында, Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул быйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды»,- деди Алагөзов.

490