28-май күнү Ноокат районунун Өрнөк айылында 2 унаа кагышып, айдоочулар ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктайт.
Маалыматка караганда, айылдагы жолдо «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа менен «БМВ» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Айдоочулардын бирөө ооруканага оор абалда жеткирилген.
«Өрнөк айылын 24 жаштагы тургуну Б. уулу О. өзүнүн «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып Борбаш айылынын 37 жаштагы тургуну Г.Н.нын «БМВ» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан. Натыйжада Б. уулу О. оор жарат алып Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына кайрылган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экинчи айдоочунун абалы орто оор», — деди Аширбаев.
2021-жылдын башынан май айынын аягына чейин Ош облусунун аймагында 270 жол унаа кырсыгы катталып, 37 адам каза болгон. 475 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган.