Кече, 31-майында Бишкек шаарынын Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 доллар жана 20 000 сом алып жаткан учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты А.А. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык 7-май күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Териштирүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган.
Андан сырткары, баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизатты пайдалангандыгы аныкталды.
Бул факты Жазык кодексинин 326- беренесинин 3-бөлүмү (опузалап пара алуу) боюнча катталып, азыркы учурда иликтөөнү УКМКнын ККК жүргүзүп жатат.
«ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды, паракорлорду, мыйзамды бузгандарды, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоо боюнча чечкиндүү кадамдарга барууда»-деп жазылат расмий маалыматта.