Араванда соода борборун иштеткен ишкерди опузалап, акча аталап кылгандар, акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 26-майда Араван районундагы Нур-Абад айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну Б.У. арыз менен кайрылып, 24-майдан тартып аны өзүн “С” деп тааныштырган атуул шериги менен биргеликте опузалап 10 000 (он миң) АКШ долларын талап кылып келгендигин билдирген. Ишкердин “Байбува уулу Жорохан” соода борбору Кайрагач-Арык участкасында жайгашкан.
Бул факт Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 203-бер. 3-бөл. 2-пунктунда( Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө “С” аттуу атуул Аравандын Кесек айылынын 33 жаштагы тургуну А.С. экендиги аныкталган. Анын кылмыштагы шериги Кесек айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Ж. жабырлануучудан 3 миң долларын, алып жаткан жеринен кармалган.
Шектүү Ж.Ж. 30-майда Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 31-май күнү баш коргоо чарасын караган Ош шаардык соту, аны үй камагына чыгарылган.
Ал эми 33-жаштагы А.С.нын баш коргоо чарасы бүгүн 1-июнь каралаары белгиленген.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү Кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болду.