7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта автоунаанын ээсин алдап, үчүнчү жакка сатып жиберген жаран кармалды

218

Ноокатта автоунаанын ээсин алдап, үчүнчү жакка сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Башында, ички иштер органдарына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.


Жабырлануучу билдиргендей, 2016-жылдын июнь айында автоунааны сатуу жана сатып алуу келишимин түзүшкөн. Сатуучу өзүнүн “Тайота-Превия” үлгүсүндөгү автоунаасын 180 миң сомго баалаган, бирок сатып алуучу 50 миң сомун гана берип, калган суммасын бир айдан кийин берем деп сөз берген. Андан соң, автоунаанын жаңы ээси изин жашырып кетип, бул автоунааны үчүнчү жакка сатып жибергени аныкталган.


Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.


Жакында ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районунун аймагынан шектүү 1973-жылы туулган К.Ж. кармалып, тергөө органына жеткирилди. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран К.Ж. УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

219