Бүгүн саат 17:15 чамасында Ноокат районунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман – Кара-Кой ички чарбалык жолун каптап, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган. Кошумча маалымат берилет.