7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Париж Олимпиадасы — 2024: Кыргыз спортчулары кайсы күндөрү мелдештерге чыгат?

359

Парижде өтө турган XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан жалпы 16 спортчу катышат. Алар күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.

Олимпиада оюндары 24-июлда башталып, 11-августта жыйынтыкталат.

Кыргызстандык спортчулар качан, саат канчада мелдешке чыгат?

  • 27-июлда саат 15:00дө 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча Денис Петрашов.
  • 28-июлда саат 14:00дө дзюдо боюнча Кубанычбек Айбек уулу чыкса, 15:00дө бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу чыгат.
  • 31-июлда саат 14:00дө дзюдо боюнча Эрлан Шеров беттешет.
  • 3-августта 50 метр эркин сүзүү ыкмасы менен саат 15:00дө Елизавета Печерских сүзөт.
  • 5-августта саат 19:00дө 60 кг чейинки салмакта Жоломан Шаршенбеков чыкса, саат 19:00дө 68 кг чейинки салмакта

Мээрим Жуманазарова күрөшөт.

  • 6-августта саат 15:30да 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов күрөшсө, 15:30да 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков күчүн сынайт.
  • 7-августта саат 15:30да 67 кг чейинки салмакта Амантур Исмаилов, 8-августта саат 15:30да 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу күрөшөт.
  • 9-августта саат 15:30 да 62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова, 15:30 да 125 к чейинки салмакта Айаал Лазеров күрөшөт.
  • 10-августта саат 15:30да 65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев, 15:30да 76 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы

күчүн сынайт.

  • 11-августта саат 12:00дө жөө күлүк Сардана Трофимова чуркайт.

 

 

360