Ноокаттагы өз жанын кыйган кыз боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Милициянын аймактык тескөөчүсү 24-апрель күнү Ноокат шаардык милиция бөлүмүнө билдирүү менен кайрылган. Анда 4-апрель күнү Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 2009-жылы төрөлгөн окуучу өз үйүндө жипке асынып, каза болгондугун айткан.
Аталган окуя боюнча төмөндөгүлөр аныкталды.
«Маркум 2009-жылы туулган, Ноокат районунун Мирмахудов айыл аймагына караштуу Арал айылында туулуп-өскөн. Бүгүнкү күндө ата-энеси менен чогуу жашап жаткан. Райондун аймагындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу. Окуя болгон күнү кырсык боюнча жакындары тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирген эмес. Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок, себеби ата-энеси жана туугандары тиешелүү мекемелерге маалыматтарды бербей, 4-апрель күнү каза болгон маркумду жерге берип койгондугу аныкталды»- деп берилет билдирүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.