7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта тургундун үйүнөн 280 даана ок жана 200дөн ашуун гильзалар табылды

641

Ноокатта дүрмөттөлгөн 280 даана ок табылганын Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын курал-жарактарын текшерүү учурунда үйлөрүнөн мыйзамсыз сакталган жана сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 курал-жарактар алынды.

Андан сырткары 21 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата салынган айып пулдун суммасы 63000 (алтымыш үч миң ) сомду түздү.

«Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө 7 жаран ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырды. Мындан сырткары 1 ок атуучу курал сактоо эрежелери бузулгандыгы боюнча алынды, 1 жарандан каза болгондугуна байланыштуу куралы алынган, 3 жаран эч кандай документи жок болгондугуна байланыштуу өз ыктыяры менен тапшырган, 2 газ-травматикалык ок атуучу курал алынган. Ошондой эле Ноокат шаарынын Т.К. аттуу тургунунан 280 даана ок жана 200дөн ашуун гильзалар алынды»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642