7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта вирусологиялык лаборатория ишке кирди (фото)

814

Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашты.Лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган. Лаборатория ILAB маалымат системасына туташтырылган.

“Бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы — паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар,кардарлар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү басып чыгарып, ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана пациент,кардар үчүн да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда. Учурда 6 лабораториянын курулушу аяктады (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат).

«Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит ж.б.) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө», — деп кошумчалашты министрликтен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815